Төмөнкү Ала-Арчада атасы менен кызынын бычакталышы. Аман калган ата бүгүн ооруканадан чыгат

26-сентябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча айылында үрөй учурган окуя катталган. Анда үйгө ууруга киргендер 26 жаштагы кызды өлтүрүп, анын атасын бычактап кетишкен.

Бүгүн, 2-октябрда 62 жаштагы жабырлануучу ооруканадан чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тарап билдирди.

26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми эркек киши Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-10-02 14:32:16
Мыкаачыларды кармап озулорун кыйнаса
0
Jibakana
2020-10-02 21:38:56
Ии байкуш кызын угуп кандай абалда болот?элестетуу эле кандай кыйын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан