Кыргызстандык Елена Исмаилова ок атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда алтын медаль тагынды

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан ок атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда кыздар арасында Елена Исмаилова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу ок атуу боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Тахир Исмаилов билдирет. Буга чейин ушул эле мелдеште эркектер арасында Руслан Исмаилов алтын, Аскат Токмоков коло медаль тагынган. Мелдешке Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусь жана Тажикстандан спортчулар катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aviator
2013-09-20 20:15:10
азамат!
0
Real_Madrid95
2013-09-20 20:26:29
Азамат! Ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан