Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан арак заводдорунун биринде спиртти, алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча лицензиялык талаптарды бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта мыйзамсыз жүгүртүүдөн 7 миң 842 бөтөлкө даяр алкоголдук продукция тартып алынганы жазылат.
"Заводдо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү менен чыгым эсептегичтер жана видеобайкоо иштебей жаткандыгы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аныкталды.
Мындан тышкары, калдыктарды чыгарууда заводдун спирт сактоочу жайларында контролдук пломбалар, ошондой эле мурда сатып алынган этил спирти жок экендиги аныкталды, бул өлкөнүн бюджетине тиешелүү салыктарды ушул субъект тарабынан төлөбөй калуу коркунучун жаратат.
Уруксат берүүчү документтердин жоктугуна байланыштуу мыйзамсыз жүгүртүүдөн 7 миң 842 бөтөлкө даяр алкоголдук продукция тартып алынды, анын ичинен 533 бөтөлкө Казакстандын күмөндүү акциздик маркалары менен болгону аныкталды. Аныкталган фактылар боюнча чарба жүргүзүүчү субъектке карата өлкө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.