Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда вице-премьер-министр Кыргыз өкмөтү шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрө тургандыгын белгилегени айтылат.
"Акрам Мадумаров шайлоочулардын тизмесин түзүү жана аларды идентификациялоо биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатканын, добуштар автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жардамы менен эсептелерин айтып, Кыргыз Республикасында шайлоо процесси санариптик технологияларды пайдалануу менен өткөрүлүп жатканын айтты.
Вице-премьер-министр КМШнын байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалап, Кыргыз өлкөсү үчүн ар тараптуу кызматташуу, шериктештик мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди ырааттуу тереңдетүү үчүн КМШ жана анын институттарынын диалог аянтчасын максималдуу пайдалануу маанилүү экендигин кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.