Кубатбек Боронов: "Өлкөгө ташылып келген тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы пайдаланылды"

Өлкө тургундары сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялык ооруларга каршы эмдөөдөн активдүү өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта өкмөт башчы Кубатбек Боронов суук түшө баштаганына байланыштуу төмөдөгүлөргө токтолгону айтылат:

"Буга чейин өлкөгө ташылып келген вакцинанын биринчи партиясы пайдаланылды. Баарынан биринчи калктын аярлуу катмарын эмдөө боюнча иштер өз учурунда жасалууга тийиш. Азыр сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялык оорулардын мезгили, ошондуктан эмдөөдөн өткөрүү процессин тездетүү керек. Жакында вакцинанын экинчи партиясы келет. Аны дагы аймактарга бөлүп берүү шарт. Акы төлөнүүчү негизде эмдөө иштерин жүргүзүп жаткан менчик лабораториялар бардык аймактарда ачыла элек. Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр менчик клиникалар менен жеринде сүйлөшүүнү жигердүү жүргүзүүсү зарыл", - деген Кубатбек Боронов.

Ошондой эле өкмөт башчы алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолгону маалымдалат.

"Суук болуп келе жатат. Бул маалда сасык тумоолоп ооруй турган жарандардын саны көбөйөт. Дары каражаттарынын запасын анализдеп көрүү керек. Кампаларда керектүү дары-дармектердин канча көлөмдө бар экенин так аныктоо үчүн дарыканалардын жетекчилери менен түздөн-түз иштешүү зарыл. Ошол эле учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы медициналык каражаттардын корун көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бардык дары-дармек жетиштүү көлөмдө болууга тийиш. Коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болгон учурда кошумча керебеттерди уюштуруу зарыл", - деген өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан