Ырчы Кызсайкал Кабылова: "Кызыма батир аларымды ата-энем дагы билген эмес"

Ырчы Кызсайкал Кабылова көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алды. 2 бөлмөлүү батирди кызына арнап алганын айткан ырчы буларды билдирди.

"Кыз баланын жашоосунда ар кандай окуялар болуп кетет экен. Кызымдын келечеги үчүн үй алайын деген планым бар болчу. Ошол оюмду ишке ашырып, жаңы курулуп жаткан үйдөн батир алдым. Бул үйдүн курулушу жакында толук бүтөт. Буюрса, ичин өзүбүз каалагандай жасап алып, кызым экөөбүз жашайбыз же ижарага берем. Эгер ижарага берип калсам акчасын кызым үчүн аманат кылып топтойм.

Үйдү 2 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен алдым. Эч кимден жардам алган жокмун. Батир аларымды ата-энем дагы билген эмес. Мен бир иш кыларда эч ким менен деле кеңешпейт экенмин", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Nurbany
2020-10-02 18:17:43
Азаматсын кыйынды кыйын деш керек
+18
Baktyluumun98
2020-10-02 18:51:21
Бул кыз акчаны кайдан таап атат?
+6
rysik79
2020-10-02 19:12:15
Буйруп насип кылсын дейбиз. Башка сөз жок.
+10
rola
2020-10-02 19:38:35
Кут болсун.Уйун озунорго буйруп насип кылсын.Кыйын кыз экенин корунуп турат.
+11
tavanova.sarah
2020-10-02 20:38:17
Насип кылсын! Молодец!
Ошондо 1 жылда эле 2 уй, атасына машина алып койдубу?
Анжеликадан да кыйын болуп кетиптирго))
+9
sultan_bek
2020-10-02 20:39:19
Жаш кыздар бети башынарды жоолук менен чумкойбой эле коюшса.
-10
Nuret94
2020-10-02 20:46:11
sultan_bek, хиджап бул парз
+7
sultan_bek
2020-10-02 21:40:35
Nuret94,
Хиджаб аял кишиге парз эмес. Аны чала сабатсыз молдолор ойлоп чыгарышкан. Аял киши бети башын чумкоп алгандан жакшы жака озгоруп кетпейт. Бети башын чумкогондор кобоюп кетсе аягы жакшы болбойт. Коомдо аял менен эркектин ортосунда дисбаланс жок болуп кетет. Эркек киши аял кишинин сырткы келбетине биринчи конул болот. Аял киши чачын кое берип, жасанып, сулуу болгон учурда гана эркектердин аялдарга болгон жылуу сезимдери жаралат. Хиджаб аял кишинин жылдызын ачпайт.
-7
Sonyasonya
2020-10-02 22:49:53
sultan_bek,тантык
+6
Alixan-Nookat.2015
2020-10-02 20:55:01
17 жыл Мамлекеттик жумушта иштеп үй эмес үй салганга жерим жок, кудайым бизгеда насип кылсын.
+12
Agayu
2020-10-02 21:22:37
Силер журо бергиле Кыйынды кыйын деш керек деп суктанып , Эч кимибиз озубузго суроо бербейбиз мен неге кыйын эмесмин деп.
+9
nazira...
2020-10-02 21:48:10
Кип кичине кызына уй алып, билбейм. Мактанбай эле койбоптур. Кыз баланын багын берсин да, ошону гана каалайм. Куйоодон ажырагандан кийин бул кыз да озгорду, зорго эле турган экен да.
-4
akmanai
2020-10-02 22:32:04
Азаматсыз, баракелде! Ата-энесинин сыймыгы, кызынын таянаары. Уйунуз кут болсун. Иштетип жаткан салонунуз дагы коп киреше алып келген салон болсун, артынан дагы бизнес ачканга жетиниз. Ижарага алган уйунуздун ижарасын бат эле жаап алыныз.
+8
Targarien
2020-10-03 14:25:27
Эрниске кандай аялдан кур калгандыгын коруп ал дегиси келген го. Жакшы тапканын озуно буюрсун! Бирок 4 дубал, машина же уй сага бооруна кысып мандайынан опкон куйоо болуп бербейт.
+1
Kamalina
2020-10-04 08:19:59
Targarien, Бул болгону 20дагы кыз. Коздуу мончок жкрдеикалбайт дейтко. Келечеги алдыда
0
Kamcybekov
2020-10-03 16:00:25
Үйүңөр кутту болсун Кызың аябай ширииин екен өмүрүн берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан