Калыбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чеймпиондугунда 7-орунду ээледи
Венгрияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чечмпиондугунда кыргызстандык Калыбек Жолчубеков 7-орунду ээледи. Муну мелдештин расмий сайты жарыялады. Жолчубеков 55 килограммдык салмакта беттеш өткөрдү. Алгачкы беттеште спортчу венесуэлалык Хаиро Луис Медин Гарсиюну утуп, андан кийин япониялык атаандашын жеңди. Жарым финалда мекендешибиз кореялык Гуиджин Чоюдан утулду. Көңүл жубатарлык беттеште АКШлык спортчуга жеңишти алдырып койду.