Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милиция кызматкерлерине баш ийбеген жарандар кармалды. Алардын бири мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран экенин ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 2-октябрда саат 15:00 чамасында Сузак районунун айылдарынын биринде Сапар аттуу жаран ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене ("куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми айтылган дарекке Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, айдоочусун текшерген учурда 4-5 белгисиз жаран келип, чуу чыгарып, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Алардын бири унааны айдап качууга аракет кылып жатканда, милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Бирок шериктери айдоочуну качыруунун амалын көрүп, милиция кызматкерлерине күч колдонууга аракет кылышып катуу каршылык көрсөтө баштаганда, укук коргоочу тарабынан эскертүү иретинде асманга ок чыгарылган.
Автоунааны айдап качууга аракет жасаган жаран Сузак РИИБине алып келинип, ал аталган райондун 1997-жылы туулган Ү.Т. аттуу тургуну экендиги такталган. Кармалган жарандан ок атуучу курал, 1 магазин жана 13 даана ок алынып, экспертиза дайындалган. Ал эми окуяга катыштыгы бар калган жарандар сотко чейинки өндүрүш иши боюнча сурак беришүүдө".
Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 355-берененин ("бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") негизинде катталды.
"Алдын ала териштирүүнүн жүрүшүндө чуунун башталышына жана милиция кызматкеринин кызматтык формасына асылган жаран Сузак районунун тургуну, мурда 97-берене ("адам өлтүрүү", эски редакция) менен соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, 1977-жылы туулган А.С. экендиги аныкталды.
Жогорудагы эки жаран (Ү.Т. жана А.С.) 266-берененин ("бейбаштык") негизинде убактылуу кармоочу жайларга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.