Кыргызстандык спортчу Арсен Эралиев бүгүн, 21-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады. Эралиев 60 килограммдык салмакта венгриялык балбан менен килем үстүнө чыгат. Бул күнү кыргызстандык дагы бир балбан Азат Бейшебеков (84 килограмм) румыниялык спортчу менен беттешет.
1/32 финал (60 килограммга чейин)
Арсен Эралиев (Кыргызстан) - Истван Козак (Венгрия)
1/16 финал (84 килограммга чейин)
Азат Бейшебеков (Кыргызстан) - Дорин Константин Пирван (Румыния)