Бишкек шаарынын аймагында 1-2-октябрь аралыгында жол кыймылынын эрежелерин бузган 364 учур катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан атайын иш-чара жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
"Жалпы профилактикалык рейд учурунда 364 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы катталып, анын ичинен автоунаанын керектүү документтери жок айдоо - 52 учур, спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа башкаруу - 25 учур, унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайылап караңгылатып айдоо - 3 учур катталып, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 67 унаа атайын убактылуу токтотуучу жайга токтотулду", - деп айтылат маалыматта.