Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Маданият, шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү буга чейин шайлоого катышпай тургандыгын билдирип чыгышкан. Бүгүн тандоо жасап, добуш берген өнөр адамдарын тизмектеп көрдүк. Алардын арасында каттоосу башка аймакта болуп калгандар дагы бар.
Ырчы Асел Кадырбекова каттоосу жоктугуна байланыштуу добуш бере албаганын билдирди. Ал эми ырчы Дайыр Исмадияров жеке иштерине байланыштуу Ош шаарында жүрөт. Анын каттоосу Бишкек шаарында болгондуктан добуш бере алган жок.
Ырчы Нурлан Насип Бишкектин 5-кичи районундагы шайлоо участкасында добуш берди.
Айгерим Расул кызы өзүнүн жарандык милдетин аткарганын айтып, шайлоо участкасындагы сүрөтү менен бөлүштү.
Түркиядан келген ырчы Анжелика атуулдук парзын эртең менен аткарганын айтат. "Биз өлкө тагдырын чечебиз. Чындык издесең көзүңдү жумуп, жүрөгүңдү угуп добуш бер. Балдарын, элин ойлогон азаматтар бизге кызмат кылсын. Биз тандайбыз, убадалардын аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Алар бизге иштейт", - дейт ал.
Клипмейкер Эрнист Сыдыков биринчи жолу шайлоого катышканын билдирди.
Бир күн мурда Түркиядан келген ырчы Чолпон Талипбек жарандык парзын аткарууга шашканын айтат.
Алып баруучу, актриса Назира Айтбекованын каттоосу Балыкчы шаарында. Ал жарандык парзын аткаруу үчүн аталган шаарга барып, добуш берди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Төлепберген дагы өз тандоолорун жасашты. Ырчы мырза жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, видеокайрылуу жасады.
Мындан тышкары добуш берүүгө ырчылар Жийдеш, Айпери Кулбаева, Ирлан Таалайбеков, телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева, Нурсултан Майназаров жана башка бир катар өнөр адамдары катышты.