Президент Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык кызматынан кабарлашты.

"Тажикстан сиздин жетекчилигиңиз астында өз жолун таап, элдин тынчтыгын жана бакубаттуулугун бекемдөөгө багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жаткандыгын кубануу менен белгилейм. Сиз Тажикстан Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жана анын эл аралык кадыр-баркын чыңдоодо олуттуу ийгиликтерге жетише алдыңыз. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан элинин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы достук жана ынак коңшулукка негизделген мамилелер сиздин жеке колдооңуз менен мындан ары да ырааттуу түрдө өнүгө берет деп терең ишенем", - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакыт-таалай, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан