Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиянын Анталия шаарында 16-22-сентябрь аралыгында өткөн эл аралык мелдеште эки алтын медаль менен кошо баш байге - 10 миң АКШ долларын жеңди. Бул тууралуу эл аралык теннис федерациясы маалымдайт. Ксения Палкина аталган мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгү менен кошо жупта ойноо бөлүгүндө да жеңишке жетти. Буга чейин бир топ эл аралык мелдештерде жупта ойноодо жеңишке жетип келген Ксения Палкина, жалгыздан ойноодо көптөн бери жеңишке жете элек болчу. Ксения Палкинанын аталган мелдештеги жалпы оюндарынын жыйынтыгы төмөндө:
Мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгү
1/16 финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) 6:2, 6:3 Николета-Каталина Даскалу (Румыния)
1/8 финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) 5:7, 6:2, 6:4 Камонван Буаямга (Таиланд)
Чейрек финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) 7:6, 1:6, 6:1 Каролина Пиллот (Италия)
Жарым финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) 4:6, 6:4, 6:2 Хироно Ватанабе (Япония)
Финал
Ксения Палкина (Кыргызстан) 6:3, 6:1 Каролина Ромео (Франция)
Жупта ойноо бөлүгү
1/8 финал
Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) 6:0, 6:0 Мария Богданова (Орусия), Таня Нори (АКШ)
Чейрек финал
Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) 6:2, 6:2 Юля Люса (Украина), Настасия Рубел (Беларусь)
Жарым финал
Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) 6:4, 6:2 Диана Боголя (Украина), Кристина Казимова (Украина)
Финал
Ксения Палкина (Кыргызстан), Дениз Хазанюк (Израиль) 6:7, 7:6, 10:8 Катарина Ленерт (Филиппин), Шанталь Скамлова (Словакия)