Алпаруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашканын жана саясий партиядан чыккандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн барып партиядан чыгуу арызымды бердим. Күйөөм менен ажыраштым. Кудай мага күч берсин! Учурдан пайдаланып, мага ишеним арткан партияга жана шайлоочуларыма ыраазычылык билдирем", - деп жазган ал.
Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. Түгөйлөр 2019-жылы 13-февралда кыздуу болуп, атын Акбермет коюшкан.
Эске салсак, алпаруучу "Биримдик" партиясынын катарында депутаттыкка талапкер катары шайлоого ат салышты.