Бүгүн, 6-октябрь таңкы саат 04:18ге карата абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун абактан чыгып жатканын социалдык тармактагы баракчасында Кудрет Тайчабаров билдирди.
Буга чейин митингчилер УКМКнын имаратына барып Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылганы белгилүү болгон.