Бишкектин Калык Акиев көчөсүндөгү батирде 1 даана газ плита, 2 даана муздаткыч, 3 даана тумбочка, 4 даана жыгач эшик жана 1 даана терезе күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт чыккан аймактан куткаруучулар 22 жашоочуну эвакуация кылышкан. Өрттүн себеби такталууда.