Митингдин катышуучулары 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ак Үйдү алганы маалымдалган. Азыркы тапта дагы митингдин катышуучулары АК Үйдүн алдында, "Ала-Тоо" борбордук аянтында жүрүшөт.
Ал эми адамдар Ак Үйдүн алдын элди ичине киргизбей тосуп турушат. Аянттагы жолго төшөлгөн брусчаткалар сынып, талкаланган. Аны "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери келип тазалап, жыйнап жатышат.
"Ала-Тоо" борбордук аянтында болсо митинг дагы деле уланууда.