Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.
"Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси менен байланыштым. Бүгүн саат 16:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырат. Жыйын "Достук" мейманканасында өтөт", - деп жазды Нуракун уулу.