16-21-сентябрь аралыгында Алматы шаарында өткөн III Евразия оюндарында кыргызстандык спортчулар 86 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агеннттигинин басма сөз кызматы билдирет. Алардын ичинен 3 алтын, 19 коло жана 64 коло медаль. Мелдештин жалпы медалдык жыйынтыгы төмөндө:
1-орун. Орусия. 250 медаль (142 алтын, 76 күмүш, 32 коло)
2-орун. Казакстан. 219 медаль (81 алтын, 93 күмүш, 45 коло)
3-орун. Беларусь. 53 медаль (7 алтын, 19 күмүш, 27 коло)
4-орун. Кыргызстан. 86 медаль (3 алтын, 19 күмүш, 64 коло)
5-орун. Тажикстан. (3 алтын, 17 күмүш, 53 коло)