Ырчы, алып баруучу, шоумен, режиссёр, оператор, вайнер жана башка өнөр шоу-бизнес өкүлдөрү "Элдин үнү" аттуу кыймыл түздү. Алар шайлоодон кийинки нааразычылыктан улам келип чыккан баш аламандыкка, кызматтык дайындоолорго кайдыгер эместигин билдиришти.
"Биз элдин үнү, көзү болгубуз келди. Бизге кресло, папканын кажети жок! Бизге тынчтык, мыйзамдуулук керек! Ушул жерде турган инсандардын бирөөнө дагы бийлик кереги жок. Баарыбыздын талабыбыз бир - бүгүнкү түзүлгөн координациялык кеңештин курамына сөзсүз түрдө жаштардын жана айымдардын өкүлү кошулсун. Анткени митингди бийликти басып алууну жаштар жасады.
Азыркы тапта мандаттарды, кызматтык орундарды бөлүштүрүү болуп жатканын баарыңыздар көрүп жатасыздар. 6-октябрга караган түнү жасаган аракеттердин баары нөл болду. Бизге мыйзамдуулук орноп, парламенттин толук түрдө жаңылануусу керек", - дешет белгилүүлөр.
Ошондой эле маданият өкүлдөрү аймактар боюнча бөлүнбөөгө, тескерисинче биригүүгө жана кыймылдын сунушун колдоого чакырышты.