Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрү күтүлүүдө. Учурда вице-спикер Мирлан Бакиров келди. Ал кезексиз жыйында эмне маселе каралары тууралуу маалыматы жок экенин журналисттерге билдирди.
Буга чейин жарандык активист Аманбол Бабакулов жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлө турганын айткан.