Саясатчы Садыр Жапаров партиялык системди жоюш керектигин айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
"Менин талапкерлигимди эл көрсөтсө, депутаттар колдоп берсе, премьер-министр болом. Мен депутаттарга "стабилдүүлүк орносун десек келип бергиле" деп айттым. Партиялык системди унуталы. Бир мандаттуу системди киргизүү керек. Мен муну 2013-жылдан бери айтып келе жатам. Системди өзгөртүү керек", - дейт ал.