Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына кайрылуу жасады. Кайрылууну президенттин маалымат кызматы жарыялады.
"Кыргыз өлкөсү эң татаал мезгилди башынан кечирип жатат. Бирок кеменгер элим, бул татаал кырдаалдан дагы аман-эсен чыгабыз деп бекем ишенем! Бир дагы бийлик же кызмат адам өмүрүнөн бийик эмес. Билесиздер, адам өмүрүн тобокелдикке салбоо үчүн Ак Үйгө чабуул жасагандарга каршы күч колдонгон жокмун.
"Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы" деген катуу талаптарды койгондор да болду. Муну четке кактым. Анткени бул кагылышка алып келмек", - деп жазылат кайрылууда.
Ошондой эле өлкө башчысы өзгөчө абал киргизүү жөнүндө даярдалган Жарлыкка да кол койбогонун белгилеген.
"Жер-жерлерде митингге чыгабыз деген мекендештеримди токтоттум. Бизге азыр жаат-жаат болуп бөлүнүү канчалык коркунучтуу экенин көрүп турабыз. Урматтуу мекендештерим, бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишти. Эми көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө дагы бир ирет чакырам!
Ушул татаал мезгилде жарандык бийик позициясын көрсөткөн, акылы тунук жаштарыбызды өзгөчө бөлүп айткым келет. Түнү бою уйку көрбөй, жарандардын жана мамлекеттин тынчтыгын, мүлкүн сактаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем.
Кимдин баалуулуктары кандай экенин акыркы эки күндө так, даана көрө алдык. Силер, жаштарыбыз, бийлик талаш менен алек болуп отурган улуу агай-эжелериңерге бул күндөрү татыктуу үлгү көрсөтүп жатасыңар.
Силер бийлик, мансап, кызмат эмес, өлкөнүн өзү керек экенин дагы бир жолу көрсөттүңөр. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин сөз менен эмес, өз иш-аракетиңер менен далилдей алдыңар. Мен бардык тараптарга сабырдуулук, токтоолук каалайм. Мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга чакырам. Мыйзам талаасына кайтып, ынтымак менен бул абалдан чыгалы", - деген Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылуусунда.