Бүгүн, 7-октябрда өкмөт үйүндө бир нече партиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүүдө. Анда алар жаңы өкмөттүн жаңы курамын түзүү маселесин талкуулап, башка партиялардын өкүлдөрүн күтүп жатышат.
"Биз өкмөттүн имаратын сактап отурабыз. Биз бул жакта министрлик бөлүштүргөн жокпуз. Элге туура маалыматты жеткиргиле. Сыймык Жапыкеев мурдагыдай болуп Башкы прокуратура өрттөнүп кетпесин деген максатта ал жакты карап жатат. Туура түшүнгүлө", - деди "Чоң Казаттын" лидери Максат Мамытканов.