Бүгүн, 7-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берди.
Анда ага журналисттер тарабынан "Артыңызда Жээнбеков жана Матраимовдор турат деген сөздөр айтылууда. Куран кармап артымда ал кишилер турбайт деп айта аласызбы?" деген суроо берилди.
Садыр Жапаров артында Жээнбеков жана Матраимовдор турат деген сөз калп экенин айтты. Ал бул тууралуу Куран китебин кармап айта ала турганын белгиледи.
Кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаган. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында бул чечимге каршы митинг өтүп, Тилек Токтогазиевди бул кызматка көрсөтүп жатышат.