Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 6-октябрда "Достук" мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында ишеним кат аркылуу добуш берген депутаттар тууралуу кабарларга тактоочу маалымат таратты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбөй Зулпукаров жана Искендер Матраимов КСДП фракциясынын депутаттарынын бирине ишеним кат беришкени чын. Бул ишеним каттар Мыктыбек Абдылдаев төрагалыкка шайлана электе эле берилген.
6-октябрдагы жыйындын жүрүшү тууралуу толук маалыматты Жогорку Кеңештин сайтына жарыялайбыз. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин серверлери толук талкалангандыктан сайтыбыз азырынча иштебей турат. Бирок биздин адистер аппараттын ишин калыбына келтирүүгө аракеттерди көрүп жатат", - деп жазылган билдирүүдө.