Азиз Суракматов кызматына кайтты. Ал кеткен 3 күн ичинде эки адам мэр болууга үлгүрдү

Үч күндүн ичинде борбор калаада үч лидер алмашты. Кечээ, 7-октябрда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

6-октябрда Жоошбек Коёналиев өзүн эл мэри деп жарыялаган. Ал тургай Коёналиев кызматка киришпей жатып, Ак Үйдүн айланасындагы тосмону бузууга буйрук чыгарган.

Өзүн элдик мэр атаган Жоошбек Коёналиев шаардык муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен чогулуш өткөрүүгө да жетишкен. Бирок ага карабай ал имараттан куулуп чыгарылган болчу.

Ал эми бүгүн, 8-октябрда калаа мэри Азиз Суракматов иш ордуна кайтып келгени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан