Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын болду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда бир катар актуалдуу маселелер талкууланган.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленген.
"Бул кооптуу илдет бир сутка ичинде 245тен ашык жаранга жукту. Өлүм дагы катталды. Жарандарга санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү керектиги айтылды. Жыйында негизги маселелердин бири болгон 2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болорун эске алуу менен, республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды", - деп айтылат маалыматта.
Жыйында "бардык кыйынчылыктарга карабастан мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат", - деп белгилешкен жыйындын катышуучулары.
Мындан тышкары мамлекеттик органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулашкан. Бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте иштөө жана жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилген.