Садыр Жапаровду колдоо митингине келген жаран кызматтарды бөлүштүрүп жаткандарга каршы экенин айтты

Садыр Жапаровду колдоо митингине келген жаран Нурсултан Иманалиев кызматтарды бөлүштүрүп жаткандарга каршы экенин айтты.

"Мен өзүм 5-октябрда митингге катышкам. Катышканыма өкүнүп жатам. Эртең менен ойгонсом эле кызматтарды бөлүштүрүп жатышыптыр. Мен алардын баарына каршымын", - деди ал.

Садыр Жапаровдун тарапташтары Садыр Жапаров легитимдүү премьер-министр экенин айтышып, Иманалиевдин митингден кетүүсүн талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан