Өкмөт: "Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат"

Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев актуалдуу маселелердин жыйындысын талкуулоо боюнча мамлекеттик орган жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда мамлекеттик органдардын штаттык режимде иш алып баруусун улантуунун жана кыш мезгилине карата жылытуу мезгилине тийиштүү чараларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленген.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга, ошондой эле жугуштуу оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чараларды аткарууга бурулат. Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын ишин штаттык режимде улантуу зарылдыгы белгиленген.

"Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек" деген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан