Марат Мураталиев өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келгенин айтат

Бүгүн, 8-октябрда Талас шаарында Марат Мураталиевди колдоо митинги өтүп, ал кайрадан өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келди. Бул тууралуу Марат Мураталиев өзү ырастап, ушундай кырдаалда элге кызмат кылуу керектигин айтат.

"Башаламандык башталгандан кийин 6-октябрда белгисиз адамдар келишип, мэрияны бошотууну талап кылышкан. Мындан улам тынч эле чыгып кеткем, арыз жазган эмесмин. Элге рахмат, менин келишимди талап кылып, тынчтык митингине чыгышты. Ушундай кырдаалда элге кызмат кылыш керек. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин ишибиз кадимкидей эле улана берет", - дейт ал.

Буга чейин Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан