"Жээнбековду кызматтан четтетүү процедурасы башталды. Өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт". Жаңы спикер Абдылдаев эл тарабынан куулган Жээнбеков менен сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган Мыктыбек Абдылдаев бүгүн, 8-октябрда эл тарабынан куулган президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, бул баарлашуу Жээнбеков тараптан демилгеленген. Анда алар өлкөдөгү соңку саясий кырдаалды талкуулашкан.
"Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи.

Айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти. Мыктыбек Абдылдаев президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.
"Өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт" деп кошумчалады төрага", - деп жазылат басма сөз кызматынын маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан