Бангладеш курама командасы Бишкекте өтүүчү футбол боюнча Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарына катышуудан баш тартты

Бишкекте 25-29-сентябрь күндөрү өтүүчү футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарына Бангладеш курама командасы катышуудан баш тартты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдайт. Маалыматка ылайык, Бангладеш курама командасы мелдешке катышуудан баш тартып, эмне себептен экендигин айтышкан эмес. Эми “F” тайпасында Кыргызстан, Оман, Катар командалары оюн өткөрүшөт. Беттештер 16:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.  

 

25- сентябрь  

Кыргызстан – Оман

 

27-сентябрь

Кыргызстан – Катар

 

29-сентябрь

Оман – Катар 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан