Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө тиричилик буюмдары өрттөнүп, бир аял жабыркады. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"8-октябрда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 10 чарчы метр курулуш буюмдары жана таштанды күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1982-жылы туулган аял киши түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилди. Абалы орто. Өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.