
Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев эл тарабынан куулган президент
Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүгө даярмын деп берген убадасы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүнү каалабайт, бирок Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенден кийин жана өкмөт түзүлгөн соң кетем деп убада берип жатат. Ал буга чейин көп убада берген. Бул жолкусуна ишенүүгө болобу? Парламенттик шайлоо убагында ал бийлигин бекемдеп, кийин Жогорку Кеңешке өз кишилерин алып келиши үчүн жасалып жаткан кадамдар.
Азыркы учурда Жээнбековдордун жана Матраимовдордун укук коргоо органдарындагы кадрлары, уюшкан кылмыштуу топтору жана Садыр Жапаровдун топтору болгон күчүн жумшап, Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына алып келүүнү каалап жатышат", - деп жазган Бекешев.
Анын айтымына караганда, парламент жыйынга чогулганда деле премьер-министр шайланып, ал абалды тартипке келтириши күмөн.
"Парламент юридикалык жактан бар, бирок президент сыяктуу эле ишти жасоого жөндөмсүз болуп турат. Жыйын кворум топтой албайт окшойт.
Менимче, кворумду күтпөй, премьер-министрди шайлап алышыбыз керек. Андан соң парламенттик шайлоону жарыялап, убактылуу өлкө башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министрге аткарып туруу укугун беришибиз керек. Муну менен укук коргоо органдарын президент эмес, Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары көзөмөлдөп турушу зарыл. Ошол эле учурда президенттин буйруктарынын юридикалык күчү жок болушу шарт. Президент кагаз түрүндө гана бар".
Ошондой эле Дастан Бекешев парламенттик шайлоодон кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүн экени, ал эми Сооронбай Жээнбеков тынч жашаса, анын коопсуздугуна кепилдик берүүгө мүмкүн экенин айтып өттү.
"Азыркы учурдагы абалдан чыгууга дагы башка варианттар болушу ыктымал. Депутаттар чогулуп, бири-бири менен сүйлөшүүгө аракет кылып жатышат, бирок жыйынтык жок. Көп убакыттан бери Жогорку Кеңеште ынтымак жок. Себеби айрым депутаттарга президенттин бир тууган инисинин таасири бар (Конституцияга өзгөртүү киргизүү учурунда президенттин бардык туугандарына мамлекеттик кызматты ээлөөсүнө тыюу салынышы керек)", - деп жазган Дастан Бекешев.