Кечээ, 8-октябрда Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов журналисттерге маек куруп, стабилдүүлүктү кармоо үчүн бир нече белгилүү адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн ачыктады.
Анын айтымында, алардын арасында эл тарабынан куулган президент Сооронбай Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов бар.
"Асылбек Жээнбековдун офисине бардым. Ал эми Искендер Матраимовдун үйү жакын экен, экөөбүз бетме-бет отуруп сүйлөштүк. Күбөлөр дагы бар. "Спортчуңду чыгарба, мыйзам талаасына түшөлү, анан сен уурусуңбу, кескисиңби сот, прокуратура мыйзам талаасына түшкөндөн кийин өздөрү тергеп алат. Ага чейин мыйзамды бузбайлы, болуптур мен жөн отурайын" деп колдоп берди. Бардыгы менен аракет кылып сүйлөшүп жатабыз.
Ошто кырдаал начар деп жатасыздар, ооба, начар. Бирок Бишкектегидей начар эмес. Бири-бирин кууп эле жүрөт, ошого жетпейли деп жатам. Ошого жетпеш үчүн шайтан менен барып да сүйлөшүү керек экен да", - деп билдирди Мелис Мырзакматов.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарына чет өлкөдөн 6-октябрда кайтып келген.