SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Эльвира Сурабалдиеваны белгисиз адамдар аянтта жүргөн жеринен сүйрөп кеткенин кабарлады. Айтымында, ал аянттагы окуяны түз эфирге тартып жүргөн. Бир убакта эле аны эки эркек киши келип сүйрөп кеткен. Азыркы тапта Эльвира Сурабалдиева менен байланышуу мүмкүн болбой жаткандыктан бул маалымат тастыктала элек.
Буга чейин "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиевге ок тийип, аны ооруканага алып бара жаткан видео тараган.