Жогорку Кеңештин фракция лидерлери кеңешүүгө кирип кетишти. Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрү күтүлүүдө. Анда Мыктыбек Абдылдаев фракция лидерлери менен кеңешүү жүргүзүшө турганын айтты.
Кезексиз жыйында депутаттар өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча жарлыкты жана премьер-министрдин талапкерлигин карашары күтүлүүдө.