Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрлик кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралып жатат.
Анда депутат Талант Мамытов: "2010-жылы "Кумтөр" маселесин көтөрүп, комиссияны түзүп, жетектеп келгенсиз. Олуттуу маселе көтөрүп чыгып, колдоо табылбай калган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол маселе чечилбей келет. Эл карап турат, айтсаңыз, сиз бул маселе боюнча аягына чейин чыгасызбы?" - деп суроо узатты.
Садыр Жапаров: "Кумтөр" маселесин биз 2012-жылы көтөргөнбүз. Комиссия түзүлүп, аны жетектегем. Токтом долбоорун чыгарганбыз. Анда "Кумтөр" толугу менен Кыргыз мамлекетине өтсүн деген долбоор болуп, бул токтом долбоор өтпөй калган. Биз митинг уюштуруп, башаламандык болуп кетип, Камчыбек Ташиев, сиз жана мен камакка түшкөнбүз. 9 ай жатып акталып чыктык. Мен чет өлкөгө чыгып кетип, келип кайра камалдым. Түрмөдө жатканда жактоочум аркылуу "Позицияңыз ошол бойдонбу?" деп суроо жөнөткөн экен. Архивден карасаңыздар болот. Мен анда 8 жыл мурда алсак болот эле, азыр кеч болуп калды деп жооп бергем. Мурда алтындын запасы көп болчу, азыр алтын калбай калды. Мамлекетке кайтаруунун кажети жок деп жооп бергем. Биринчи ушул маселени көтөрөм. "Кумтөрдү" Кыргыз мамлекетине иштетебиз", - деди.