Кыргызстандын самбо боюнча өспүрүмдөр курама командасы 10-14-октябрь аралыгында Грециянын Салоники шаарында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна даярданууда. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда 1993-1994-жылкы балдар жана 1995-1996-жылкы кыздардан турган самбо боюнча Кыргызстан курама командасы 23-сентябрдан 6-октябрга чейин Ысык-Көлдүн Бостери айылында атайын машыгууларды өткөрөт.