Садыр Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн сөзүндө 5-октябрда болгон окуяларды 3-революция деп атады.
Андан сырткары депутат Алтынбек Сулаймановдун "5-октябрда төңкөрүш болдубу же элдик толкундоолордун жыйынтыгы болдубу?" деген суроосуна ал "Бул төңкөрүш эмес, элдик толкундоонун жыйынтыгы болду" деп жооп берди.