Вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев отставкага кете турганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Ал Садыр Жапаровдун командасы менен иштебей турганын билдирген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралды. Жапаров өкмөттүн курамын өзгөртпөй иш алып барарын айтты.