Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин арызын өкмөт кабыл алган жок. Бул тууралуу Түлөбаев өзү билдирүү таратты. Айтымында, ал жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган, бирок анын арызын өкмөт башчы Садыр Жапаров кабыл алган эмес.
"Калайык, премьер-министр Садыр Нуркожоевичке кирип арызымды бердим. Люстрацияга барайын, моралдык укугум жок, кете берейин деп айттым. Кыйын убакта элиңе барып иште убагы келгенде көрөбүз калганын деп арызымды кабыл алган жок", - деп жазды Түлөбаев.
Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралган. Анда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлашкан болчу.