Чүйдө эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 20 жаштагы кыз жабыркады

Чүй облусунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 20 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Чүй районунда 11-октябрь күнү саат 22:52 чамасында Чүй айылында болгон. Анда Volkswagen Passat жана Chevrolet унаалары сүзүшкөн.

Натыйжада 2000-жылы туулган кыз жабыркаган. Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан