Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 71 жаштагы эркек киши дарыяга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Нарын дарыясына 1949-жылы туулган эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан 7 куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 12-октябрь күнү издөө иштери улантылат.