Буга чейин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып алуу боюнча БШКга арыз менен кайрылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, Текебаевдин арызы бүгүн, 12-октябрда каралып жатат.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев мандатынан 2017-жылы ажыраган. Анын ордуна Жогорку Кеңешке Искендер Гайпкулов депутат болуп келген.