"Ата Мекен" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып ала алган жок. Бул тууралуу чечим бүгүн, 12-октябрда БШКда анын арызы каралып жаткан учурда белгилүү болду.
Анда БШК депутаттыкка бош орун жок болгондуктан мандатты кайтарып бербөө чечимин кабыл алды.
Арыз ээси анын кылмыш иши боюнча соттордун бардык чечимдерин Жогорку Сот жокко чыгаргандыгын белгилеп, материалдар жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кароого жөнөтүлгөндүгүн билдирди. Башкача айтканда, Өмүрбек Текебаев азыр соттолгон деген статуска ээ эмес. Ал соттун чечими чыкканга чейин депутат боло алат.
Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү бош мандат түзүлгөнгө чейин ачык бойдон калат.
"Ата Мекен" саясий партиясынын лидери мандатынан 2017-жылы ажыраган. Анын ордуна Жогорку Кеңешке Искендер Гайпкулов депутат болуп келген.
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.