Темирлан Султанбеков 2 айга камакта калтырылды

Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту парламенттик шайлоого катышкан «Социал-демократтар» партиясынан депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын карады.

Анда Биринчи Май райондук соту Темирлан Султанбековго өкүм чыгарып, аны СИЗО-1ге 2 айга камакта калтырды.

10-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназ кирип барган. Операциянын жүрүшүндө Кадыр Атамбаев жана Темирлан Султанбеков кармалганы маалымдалган. Султанбеков "Ала-Тоо" аянтындагы митинг убагындагы жаңжалга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан