Бешик боосу бек болсун! Ырчы Арсен экинчи ирет кыздуу болду

Ырчы Арсендин жубайы көз жарып, экинчи ирет ата-эне болушту. Кырк жылкылуу болгон ырчы кубанычы менен тең бөлүштү. Арсен мырзанын келинчеги Бегайым кечээ, 12-октябрда төрөдү. Бул тууралуу ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева тарабынан белгилүү болду.

"Карантинге байланыштуу төрөткө эч ким катышкан жок. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы канааттандырарлык. Наристенин бою 55 сантиметр, салмагы 3 килограмм 600 грамм болду. Эртең төрөтканадан чыккандан кийин ысым ыйгарабыз", - деди ал.

Арсен 2018-жылы сүйүктүүсү Бегайымга баш кошуп, 2019-жылы Алия аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан