Милициянын кайгуул кызматы тоноочулукка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"12-октябрь күнү болжол менен саат 23:50 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Буурдин көчөсүндө белгисиз адамдар коркутуп акчамды алып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1983-жылы туулган И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 00:05 чамасында арыз ээсин коркутуп, 5 миң сом өлчөмдө акчасын алып кетишкен.
"Жазылган арыздын негизинде кызматкерлер ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракеттин негизинде кылмыштын изи сууй электе тоноого шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.